AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Хабиб Нурмагомедовдун UFC 38 турнири Ысык-Көлдө болуп өттү

Кечээ 3- күнү UFC нин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келген. Ал Кыргызстанда  биринчи жолу  өзүнүн Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнирин уюштурду. Чемпионат Чолпон-Атада ат майданда болгон.
Мелдеште Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандын  мушкерлери күч сынашкан. Турнирде Кыргызстандын атынан Александр Федосеев, Данияр Бабакулов өңдүү белгилүү мушкерлер катышып, байгелүү орундарды камсыз кылган.
Кеченин башкы беттешинде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен россиялык чемпион Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен жеңип, EFC уюмунун жаңы чемпиону болду. Хабиб Бусурманкулга бел курду өзү тапшырды.
Мушкерлер 65 килограмм салмакта күч сынашкан. EFC кезектеги турнирин Кыргызстанда өткөрүүнү пландаганын промоушендин президенти Шамил Завуров март айында Россияда өткөн мелдеште айткан эле. Буга кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун татыктуу беттеш көрсөткөнү себеп болгон. 
Бусурманкул  Абдибаит уулу 14 беттешти утуп, үч ирет жеңилген. 28 жашта. Ал эми атаандашы Руслан Яманбаев 10 ирет жеңишти камсыздап, сегиз жолу жеңилип, бир ирет тең чыккан. 30 жашта. Спорттук иш-чараны ринг-анонсер Александр Загорский алып барды.