AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

"Элдин достугу" аталышындагы WEF106 PROFFIGHT 45 Кубогу Баткен облусунда болуп өттү

3-июлда Баткен шаарынын борбордук стадионунда масштабдуу эл аралык турнири  "Кулатуу эр таймаш" федерациясы тарабынан уюштурду. "Элдин достугу" аталышындагы  WEF106 PROFFIGHT 45 Кубогуна Өзбекстандан келген мушкер да катышкан. 
 
Турнирдин ачылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карыбекович, WEF Федерациясынын президенти жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Руслан Кыдырмышев чакырылган.
 
Алар куттуктоо сөзүндө турнирдин уюштуруучуларына жана катышуучуларына ыраазычылыктарын билдиришип, дал ушул маданий жана спорттук иш-чаралар спорттун өнүгүшүнө жана патриоттуулуктун, жаштардын арасында сергек жашоо образынын жайылышына өбөлгө болорун белгилеген. Өлкө аймагында жаш муунду ошондой эле, Баткен облусунун тургундарына тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.
 
 Турнирдин жыйынтыгында жалпы 14 мушкер байгелүү орундарды камсыз кылган.