AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

ММА Азия чемпионаты Бишкекте өтөт

Кыргызстанда Дүйнөлүк ММА Ассоциациясы - GAMMAнын ММА боюнча Азия чемпионаты өтөт, деп билдирди КРнын ММА жана РФ федерациясы. Белгилей кетсек, турнир Борбор Азияда биринчи жолу, 21-26-июль аралыгында  Ысык-Көлдүн жээгинде  өтөт.
 
 1617347311_kyrgyzstan-chemp-mma.jpg
Чемпионаттын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттиктин катышуусу менен Кыргызстандын MMA & РФ федерациясы.
 Бардык маалыматтар 5-апрелде PARK HOTELде саат 19.00дө боло турган презентацияда белгилүү болот. Журналисттер уюштуруучуларга мындай масштабдуу иш-чарага даярдануу процесси боюнча суроолорду бере алышат.
Спикерлер жана иш-чаранын катышуучулары:
Примов Улан Бердибаевич - Федерациянын ардактуу президенти,
Гайипов Асан Абдырахманович - Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти, Федерациянын ардактуу президенти.
Азиз Асанович Муратов - Федерациянын Президенти,
Доромбаев Абасбек Абдыкович - Федерациянын Башкы катчысы,
Мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү дагы күтүлүүдө.