AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Кыргызстандыктар мушкерлер ММА боюнча дүйнө чемпиону болду

19-21 ноябрь күндөрү Украинанын Харьков шаарында уруштун аралаш түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Турнирге Кыргызстандын атынан эки спортчу катышкан. 

Мушкер Бообек Тотошов ардагерлер арасындагы турнирде 75 килограммга чейинки салмак ченинде чыгып, дүйнө чемпиону аталды. 

 Ошондой эле мелдеште 18 жаштан жогорку эркектер арасында 85 килограмм салмакта Жайыл Жакшылык уулу алтын медаль тагынды. Белгилей кетсек аталган мелдешке отуз мамлекеттен келген спортчулар катышкан.