AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Дүйнөлүк чемпионат: Сезим Жуманазарова коло медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Сезим Жуманазарова  жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан коло байгеге ээ болду.
 Ал польшалык Патриция Ева Стрельчик менен беттешип, 9:4 эсебинде жеңишке жетишкен. 
 
Бүгүн спортчу кыз көңүл жубатуучу беттеште Шри-Ланка балбаны Нетми Ахинса Фернандо Порутотэйжди 15:4 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңишке жетишкен.
 
Кыргызстандык кыз мелдештин биринчи этабында швециялык Нелли Анна Регина Флорентинди утуп, чейрек финалда италиялык Аврора Руссого жеңилген. Руссо финалга чыгып, Сезим көңүл жубатуучу беттешке чыкканга мүмкүнчүлүк алган.
 
Жаштар арасындагы дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Орусиянын Уфа шаарында өтүп жатат. Сезим Жуманазарова 57 килограмм салмакта күч сынашкан. Белгилей кетсек Сезим Олимпида оюндарынын коло медалынын ээси Мээрим Жуманазарованын бир тууган сиңдиси.