AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Дүйнө биринчилиги: Калмира Билимбек кызы күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын күмүш медалдын ээси болду. 55 килограмм салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык кыз финалда беларустук спортчу Алеся Гетманова менен күч сынашып, 7:6 эсебинде жеңишти алдырган.
 
Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.
Билимбек кызы жарым финалда россиялык Анастасия Яндушкинаны уткан эле.
Мелдеш Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат.
 
Белгилей кетсек, Калмира Билимбек кызы 2019-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатынан күмүш медалга ээ болгон.