AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Жаштар арасында дүйнө чемпионатында Мухаммед Абдуллаев коло медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан Мухаммад Абдуллаев жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатындп коло медалга ээ болду. 
 
Абдуллаев эркин күрөш боюнча 79 килограмм салмак категориясы боюнча катышкан. Ал үчүнчү орун үчүн беттеште казакстандык Махамбет Нуржаубаев менен күч сынашып, 4:1 эсебинде утуп алды.
 
Күрөш боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпионаты  Уфа шаарында өтүп жатат. Мелдештер 22-августка чейин уланат.