AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Кыргызстандык спортчу Калмира дүйнө биринчилигинин финалына чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы Россияда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинин финалына чыкты. Ал 55 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда.

Калмира бүгүн, 18-августта 3 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишти.

Финалдык беттеш эртең, 19-августта болот.

Калмиранын беттештери:

1/8 финал:

Мунхгерел Мунхбат (Моңголия) - Калмира Билимбек кызы — 4:6;

1/4 финал:

Пэйтон Жен Струд (АКШ) - Калмира Билимбек кызы — 0:10;

Жарым финал:

Калмира Билимбек кызы - Анастасия Яндушкина (Россия) — Калмира туше менен жеңишке ээ болду.