AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Балбан кыздардын жаңыланган рейтингдеги орду белгилүү болду

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Эл аралык күрөш федерациясынын жаңыланган рейтингинде 1-орунду сактап калды.

Тыныбекова Олимпиада оюндарында 62 кг салмак категориясында 2-орунду ээлеген эле. Учурда анын 78 упайы бар.

Ал эми Олимпиада оюндарында финалдык беттеште Тыныбекованы жеңип алган япон спортчусу Юкако Каваи дүйнөлүк рейтингде 2-сапка жазылды. Анын 68 упайы бар.

Ошондой эле Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болгон Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакка чейинки категорияда 3-орунду сактап калды.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакка чейинки категорияда 5-орунда турат.