AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Кыргызстандык спортчулар Орусияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасы Россияда өтө турган өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышат.

Жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионат 16-22-августта Уфа шаарында өтөт.

Маалыматка ылайык, турнирге Кыргызстандын атынан 26 спортчу катышат.

2019-жылы Эстонияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатта 16 спортчу күч сынашып, 2 медалга ээ болушкан. Мээрим Жуманазарова 2-орунду, Нураида Анаркулова үчүнчү орунду ээлеген.

Мелдешке катыша турган балбандардын тизмеси:
 
55 кг: Кулжигит уулу Акыйкат
60 кг: Акбердиев Бактияр
63 кг: Тилекабылов Өмүрзак
72 кг: Максатбек уулу Ырыскелди
77 кг: Эгембердиев Бакдаулет
82 кг: Жумабеков Жеңиш
87 кг: Абдурахманов Нарту
97 кг: Орозбеков Аркыт
130 кг: Манатбеков Эрлан
 
 57 кг: Карачов Абдымалик
61 кг: Доронбеков Актан
65 кг: Токтомамбетов Орозобек
70 кг: Алишер Уулу Алихан
74 кг: Жаныбек Уулу Стамбул
79 кг: Абдуллаев Мухаммад
86 кг: Станбек улуу Саматбек
92 кг: Адыл уулу Нурболот
97 кг: Мыктыбеков Баяман
125 кг: Турдубеков Арслан