AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Кыргызстандык эки балбан каддеттер арасында дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандык балбандар Раззак Бейшекеев менен Нуристан Сүйөркулов грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү аталды. Бул тууралуу Күрөш боюнча дүйнө бирикмесинин расмий сайтына жарыяланды.

Күрөш боюнча дүйнө биринчилиги Будапештте өттү (Венгрия).

Сүйөркулов 51 килограмм салмак категориясында алтын алган. Ал Венгриянын, Россиянын жана Грузиянын балбандарын жеңип финалга чыгыр, финалдык беттеште украиналык Юрий Товтту 3:1 эсеби менен жеңип алган.

Ал эми Раззак Бейшекеев  60 килограмм салмак ченинде күч сынашып алтын медаль тагынды. Ал финалга чыгыш үчүн Казакстандын, Германиянын жана Индиянын балбандарын жеңген. Ал эми
финалдык беттеште ирандык атлет менен беттешип, 4:1 эсеби менен утуп алган.

Ал эми Нурболот Бердикулов 45 килограммга чейинки балбандар арасында коло медалга ээ болн

©Видео: @prosports_kyrgyzstan