AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Имронбек Рахманов жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан Имронбек Рахманов Венгриянын Будапешт шаарында өткөн эркин күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Рахманов 21-июль күнү 45 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн беттеште индиялык Кумар Шоурияны 6:0 эсебинде жеңип алган.
Рахманов бул чемпионатта жалпысынан төрт беттеш өткөргөн. Алгач 20-июлда ирандык Хоссейн Сейфоллах Ахмадини 5:3, чейрек финалда румыниялык Валентин Баликаны 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалда орусиялык Алихан Ашиновго 6:0 эсебинде жеңилип калган.
 
Аталган чемпионатта 10 салмак категориясында байгелер ойнотулду. Балдар арасында эркин күрөш боюнча таймаштардан кийин бүгүн кыздар арасында эркин күрөштөн таймаштар башталды. Кыргыз спортчуларынан Таңчолпон Кыбалбекова 57 килограмм салмакта коло байге үчүн күчүн сынайт.
 
20-июлда башталган спорттук күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионаты 25-июлда аяктайт. 24-июлда грек-рим күрөшү боюнча беттештер башталат.