AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Тыныбекованын спорттук карьерасында Токио олимпиадасы үчүнчү болот

Айсулуу Тыныбекова август айында Токиодо өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарында жолдомо алган. Япониядагы оюндар кыргызстандык балбандын спорттук карьерасындагы үчүнчү оюн болот.
Ал буга чейин 2012-жылы Лондон жана 2016-жылы Рио олимпиадасында катышкан. Жалпысынан Токио оюндарына чейин Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча мелдеште Кыргызстандан 22 спортчу күч сынашты.
 
10 балбан карьерасында эки олимпиадага жолдомо алган (Токио оюндарына чейин).
 
Олимпиада оюндарына жолдо алган  Кыргызстандын балбандары:
 
3 - Айсулуу Тыныбекова
 
2 - Александр Ковалевский, Раатбек Санатбаев, Уран Калилов, Алексей Крупняков, Канат Бегалиев, Данияр Кобонов, Магомед Мусаев, Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Айаал Лазарев.
 
1 - Владимир Торговкин, Константин Александров, Нурдин Донбаев, Максат Бобурбеков, Алмаз Аскаров, Улан Надырбек уулу, Юрий Милдзихов, Генналий Чхаидзе, Базар Базаргуруев, Арсен Гитинов, Руслан Тюменбаев, Руслан Царев, Мурат Рамонов, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Эрназар Акматалиев, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков, Узур Джузупбеков.