AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Кыргызстандык спортчу Дүйшөмбү шаарында өткөн күрөш боюнча турнирде коло медалды жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Мирлан Эралиев 27-июнда Дүйшөмбү шаарында өткөн улуттук күрөш түрү (гуштингири) боюнча эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду.
 Тажикстан Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин маалыматына ылайык, мелдешке Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Иран, Азербайжан жана Кувейттен спортчулар катышкан. 75 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргызстандын спортчу Мирлан Эралиев коло медалга ээ болду.
 
Турнир төрт салмак категориясында өттү: 65 кг чейин, 75 кг чейин, 90 кг чейин жана 90 кгдан жогору. Бардыгында башкы байгелерди - автоунааларды Тажикстандын өкүлдөрү (Ориф Додов, Мухаммадшариф Нажмиддинов, Джахонгир Мажидов жана Темур Рахимов) утуп алышты.