AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Эркин күрөш боюнча курама команда «Yaşar Doğu» эл аралык мелдешинде 5 медаль жеңди

Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 24-27-июнь күндөрү Стамбул шаарында (Түркия)  өткөн «Yaşar Doğu» эл аралык мелдешинде 5 медаль ( 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло) жеңди. 
Алибек Осмонов 65 кг салмак даражада алтын медаль тагыды. Ал эми Эрназар Акматалиев (65 кг) жана Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш байгенин ээси болушту. Улукбек Жолдошбеков (61 кг) жана Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг) коло байгени багынтышты. 
Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча курама команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн. 
Булак: sport.gov.kg