AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Кыргызстандык спортчулар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 5 медаль жеңди

18-20-июнь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Стамбул шаарында (Түркия) өткөн эл аралык Vehbi Emre & Hamit Kaplan мелдешине катышты.
Ата мекендик спортчулар аталган мелдеште жалпы 5 медаль жеңишти, анын ичинен 1 күмүш жана 4 коло. 
Жоломан Шаршенбеков күмүш медалдын жана Үзур Жусупбеков, Калидин Асыкеев, Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков коло медаль тагынышты.  
Белгилей кетсек, спортчулар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлдү.  
Булак: sport.gov.kg