AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Poland Open: Мээрим Жуманазарова бүгүн беттешет

Варшава (Польша) шаарында өтүп жаткан Эл аралык мелдеште Мээрим  Жуманазарова беттешет.11-июнда аялдар арасында эркин күрөш боюнча 5 медалдар топтому ойнотулат. Килемге Кыргызстандан үч спортчу чыгат. Алар Нураида Анаркулов жана Назира Марсбек кызы (экөө тең 59 кг чейин), ошондой эле Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин).

Алдын ала раунддун беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15: 00дө башталат. 10-июнда Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет килемге чыккан. Тыныбекова турнирде 62 кг салмакта алтын утса, Медет кызы 76 кг салмакта бешинчи болду.