AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн турнирдин алтынын жеңип алды

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Польшада өткөн эл аралык Poland Open-2021 турниринин жеңүүчүсү болду. Ал 10-июнда чейрек финалдык баскычтан баштаган.Тыныбекова 62 кг салмак категориясындагы катышты.
Анын биринчи атаандашы орусиялык Любовь Овчарова болгон. Россиялык аял жолугушууну жигердүү баштап, биринчи мезгилди 8: 2 эсебинде утуп алды. Экинчи мезгилде Тыныбекова жигердүү чабуулга өтүп, эсепти теңестирип, алдыга озуп чыгып, андан кийин атаандашын ийнине такаган.
 

Тыныбекова жарым финалга чыгып, анда дагы бир орусиялык аял Светлана Липатова атаандашы болду. Биринчи мезгилде Липатова Тыныбекованын пассивдүүлүгү үчүн упай алса, экинчисинде калыстар ушул эле принцип боюнча эсепти теңдешти. Андан кийин Тыныбекова эки упай топтоп, 3: 1 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыкты.

 Чечүүчү күрөштө анын атаандашы канадалык Анна Паула Годинез Гонсалес болду. Тыныбекова 7: 1 эсеби менен жеңишке жетип, турнирдин жеңүүчүсү аталды. 76 килограммга чейинки салмак ченинде Айпери Медет кызы дагы жарым финалга чейин жетип, бирок ал жерде жеңилип, эми коло үчүн күрөшөт.