AUCA the best 2

2024-04-18

Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова Польшадагы мелдеште финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште финалга чыкты. Ал 62 кг салмак категориясында күч сынашууда.

Тыныбекова мелдешти ¼ финалдык баскычтан баштады. Алгач орусиялык Любовь Овчарова менен беттешти. Овчарова беттештин биринчи бөлүгүн 8:2 эсеби менен жеңген. Экинчи бөлүктө Тыныбекова чабуулга өтүп, эсепти теңеп, андан кийин атаандашын таза жеңиш менен утуп алды.

Жарым финалда дагы бир орусиялык спортчу Светлана Липатовага кез келип, аны 3:1 эсебинде жеңди.

Тыныбекова финалдык беттеште канадалык Анна Паула Годинез Гонзалез менен күч сынашат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.