AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Түркияда өткөн эл аралык мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү 4 медаль жеңишти

 Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курама командасынын мүчөлөрү 28-30-май күндөрү Стамбул шаарында (Түркия) өткөн «Champions 2021» XXIII эл аралык мелдешинде 4 медаль (2 күмүш, 2 коло) жеңишти. 
 Калмира Билимбекова (салмактык категория – 57 кг) жана Сезим Жуманазарова (59 кг) күмүш медаль тагынышты. Ал эми Айжан Сабырбек кызы (53 кг) жана Нуридин кызы Бермет (57 кг) мелдеште 3-орунду ээлешти. 
 
Белгилей кетсек, курама команданын мүчөлөрү мелдешке катышуу үчүн 27-майдан 31-майга чейин Стамбул шаарына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн.
Булак: sport.gov.kg