AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Олимпиада оюндары: Балбан Үзүр Жузупбековдун бардык атаандаштары белгилүү болду

Кыргызстандык спортчу Үзүр Жузупбековдун Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарындагы бардык атаандаштары белгилүү болду.

8-май күнү Болгариядагы күрөш боюнча дүйнөлүк квалификациялык турнирдин алкагында Олимпиада оюндарына акыркы эки лицензия ойнотулду. Аны Венгрия жана Чехиянын спортчулары жеңип алды.

Токиодогу грек-рим күрөшү боюнча турнирде 87 килограммга чейинки салмак даража боюнча 16 спортчу күч сынайт. 2-август күнү алдын ала таймаш, жарым финал, финалдар өтсө, коло байге үчүн таймаштар 3-августка пландалды. Ал эми аталган салмак даража боюнча чүчү кулак 1-августта өтөт.