AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Атабек Азисбековдун Токио Олимпиадасындагы атаандаштары

Атабек Азисбековдун Токиодогу Олимпиада оюндарындагы бардык атаандаштары белгилүү болду. 8-майда Болгарияда өткөн Күрөш боюнча Дүйнөлүк Квалификациялык Турнирдин алкагында Японияда өтө турган оюндарга эки акыркы лицензия тапшырылган. Хорватия менен Сербиянын өкүлдөрү алардын ээлери болгон.

 Токиодо грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 16 спортчу 87 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Алдын ала беттештер жана жарым финалдык беттештер 3-августта өтсө, финалдык беттештер жана коло үчүн беттештер 4-августка пландаштырылган. Бул салмак категориясы боюнча чүчү кулак 2-августта болот.