AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Олимпиада оюндарына Жоламан Шаршенбековдун атаандаштары белгилүү болду

 Жоламан Шаршенбековдун Токиодогу Олимпиада оюндарындагы бардык атаандаштары белгилүү болду.

8-майда Болгарияда өткөн Күрөш боюнча Дүйнөлүк Квалификациялык Турнирдин алкагында Японияда өтүүчү оюндарга эки акыркы лицензия тапшырылды. Молдова менен Армениянын өкүлдөрү лицензияга ээ болду.

Токиодо грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмакта 16 спортчу күч сынашат. Алдын ала беттештер жана жарым финалдык беттештер 1-августта өтсө, финалдык беттештер жана коло үчүн беттештер 2-августта өтөт. Бул салмак категориясы боюнча чүчү кулак 30-июлда болот.