AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Мээрим Жуманазарованын Токио Олимпиадасындагы бардык атаандаштары аныкталды

Токиодогу Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарованын бардык атаандаштары белгилүү болду. 7-майда Болгарияда өткөн Күрөш боюнча Дүйнөлүк Квалификациялык Турнирдин алкагында Японияда өтүүчү оюндарга эки акыркы лицензия тапшырылган. 

68 килограммга чейинки салмак категориясында аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча 16 спортчу беттешет. Алдын ала беттештер жана жарым финалдык беттештер 2-августта өтсө, финалдык беттештер жана коло үчүн беттештер 3-августта өтөт. Бул салмак категориясы боюнча чүчү кулак 1-августта болот. Швециялык Дженни Франссондон допинг табылды. Азырынча анын лицензиясы боюнча чечим кабыл алына элек.