AUCA the best 2

2024-04-17

Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекованын Токио Олимпиадасындагы бардык атаандаштары аныкталды

Айсулуу Тыныбекованын Токиодогу Олимпиада оюндарындагы бардык атаандаштары белгилүү болду.

 

7-майда Болгарияда өткөн Күрөш боюнча Дүйнөлүк Квалификациялык Турнирдин алкагында Японияда өтүүчү оюндарга эки акыркы лицензия тапшырылган. 62 килограммга чейинки салмакта аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча 16 спортчу  беттешет. Алдын-ала беттештер жана жарым финалдык беттештер 3-августта өтсө, финалдык беттештер жана коло үчүн беттештер 4-августка пландаштырылган. Тираж 2-августта болот. КЭДР Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты, бул өлкөнүн спортчуларынын квоталары башкаларга өткөрүлүп берилет.