AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы Болгариядагы мелдеште Олимпиадага жолдомо жеңе алган жок

Кечээ, 6-майда Болгариянын София шаарында күрөш боюнча дүйнөлүк лицензиялык мелдеш башталды. Ал жакта Токио шаарында өтө турчу Олимпиадага катышуу үчүн соңку жолдомолор ойнотулууда.

Мелдеште грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча мырзалар жана кыз-келиндер арасында жалпы 36 жолдомо ойнотулат.

Кечээ, 6-майда килем үстүнө мырзалар чыгып, эркин күрөш боюнча 12 жолдомо үчүн күч сынашкан. Алардын ичинде кыргызстандык 4 спортчу бар. Жолдомого ээ болуу үчүн финалга чыгуу жетиштүү болчу.

Бирок кыргызстандык 4 балбан тең финалга чейин жете алган жок.

Учурда Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасында 1 жолдомо бар. Аны буга чейин Алмата шаарында өткөн мелдеште 65 кг салмакка чейинки категорияда Эрназар Акматалиев жеңип алган.

Кечээ, 6-майда килем үстүнө чыккан кыргызстандык спортчулар:

57 кг салмакка чейин

1/8 финал

Педро Жесус Межиас Родригез (Венесуела) — Алмаз Сманбеков — 0:10;

1/4 финал

Рейнери Андреу Ортега (Куба) — Алмаз Сманбеков — 8:5;

74 кг салмакка чейин

1/16 финал

Магомедхабиб Кадимагомедов (Беларусь) — Арслан Будажапов — 5:1;

86 кг салмакка чейин

1/16 финал

Петр Ианулов (Молдавия) — Саякбай Усупов — 5:4;

125 кг салмакка чейин

1/16 финал

Сумит Сумит (Индия) — Айаал Лазарев — 2:2, жеңиш индиялык спортчуга ыйгарылды.