AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Олимпиада оюндары: Бүгүн кыргызстандык 5 балбан жолдомо үчүн күч сынашат

Бүгүн, 6-майда Болгариянын София шаарында күрөш боюнча дүйнөлүк лицензиялык мелдеш башталат. Ал жакта Токио шаарында өтө турчу Олимпиадага катышуу үчүн соңку жолдомолор ойнотулат.

Мелдеште грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча мырзалар жана кыз-келиндер арасында жалпы 36 жолдомо ойнотулат.

Бүгүн, 6-майда килем үстүнө мырзалар чыгып, эркин күрөш боюнча 12 жолдомо үчүн күч сынашат. Алардын ичинде кыргызстандык 5 спортчу бар. Жолдомого ээ болуу үчүн финалга чыгуу жетиштүү.

Учурда Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасында 1 жолдомо бар. Аны буга чейин Алмата шаарында өткөн мелдеште 65 кг салмакка чейинки категорияда Эрназар Акматалиев жеңип алган.

Бүгүн, 6-майда килем үстүнө чыга турган кыргызстандык спортчулардын атаандаштары:

57 кг салмакка чейин

1/8 финал

Педро Жесус Межиас Родригез (Венесуела) — Алмаз Сманбеков;

74 кг салмакка чейин

1/16 финал

Магомедхабиб Кадимагомедов (Беларусь) — Арслан Будажапов;

86 кг салмакка чейин

1/16 финал

Петр Ианулов (Молдавия) — Саякбай Усупов;

125 кг салмакка чейин

1/16 финал

Сумит Сумит (Индия) — Айаал Лазарев.