AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Каныбек Жолчубеков карьерасын аяктады

Грек-рим күрөшчү боюнча курама команданын капитаны Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын аяктагандыгын жарыялады. Бул тууралуу ал 17-февралда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын ачылыш аземинде билдирди.

Символикалык түрдө ал спорттук кийимин Нурмухамед Абдуллаевге тапшырды. Каныбек Жолчубеков студенттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азия чемпиону, ошондой эле Азия оюндарынын вице-чемпиону болгон.

Инаш Каландарова