AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Дүйнөлүк күрөш уюму Жоламан менен Эрназарга 3 миң доллар сыйлык ыйгарат

Дүйнөлүк Күрөш Уюму (UWW) жыл мыктыларын тандоо рейтингин чыгарды. Ага ылайык, Кыргызстандын балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Эрназар Акматалиев акчалай сыйлык алуучулардын тизмесине кирди.

Эрежеге ылайык, рейтингде биринчи орун алган балбанга 10 миң доллар, экинчи орун алган балбанга 7 миң доллар, үчүнчү орун алган балбанга 3 миң доллар акчалай байге ыйгарылат.

Грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков да, эркин күрөш боюнча 70 кг салмакта Эрназар Акматалиев да 54төн упай алып, үчүнчү орунду ээлеген.