AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Күрөш федерациясынын президенти болуп Мелис Турганбаев дайындалды

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ 3-декабрда, Күрөш федерациянын кезексиз шайлоо конференциясы өтүп, анда уюм мүчөлөрү бир добуштан 2024-жылдын аягына чейин Мелис Турганбаевдин талапкерлигин колдоп, аны президент кылып тандады.

Эске салсак, Мелис Турганбаев 2012-жылдан бери Эркин күрөш боюнча федерациянын вице-президенти болуп келген.

Белгилей кетсек, буга чейин федерацияны жетектеген Шаршенбек Абдыкеримов 24-ноябрда ал бул кызматты тапшырган.