AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Балбан кыз Жуманазарова Велиеваны утту

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова "Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу" мелдешиндеги атаандашы Ханум Велиеваны 3:2 эсеби менен жеңди. 

Эки бөлүккө созулган беттештин жыйынтыгында упай айырмасы менен кыргызстандын балбан кызы жеңишке жетишти.

Жуманазарованы мелдешке машыктыруучусу атасы Рахмадил Жуманазаров коштоп барган.

Мелдеш Москва шаарындагы "ВТБ Арена Парк" спорттук жайында өтүү.

Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган эле. Машыктыруучулук штаб Мээрим менен кеңешип, бул сунушка макул болгон.

Спортчу кыздар Оруссиялык балбан менен төртүнчү ирет кез келип жатат. Эске салсак, октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти жасап, упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген.

Калыстар беттеш эсебин таблодо туура эмес көрсөткөндүгү үчүн кармаштын жыйынтыгына карата айрым түшүнбөстүктөр пайда болгон. Мындан улам Россиянын машыктыруучулар штабы кармашта реферилер ката кетирген деп эсептеп, калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын айтып чыккан эле.

Жалпысынан алганда балбан кыздар төртүнчү ирет беттешет. Буга чейинки кармаштардын баарында кыргызстандык балбан кыз жеңүүчү болгон. Эң биринчи таймаш 2019-жылы Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта, экинчисинде Польшада былтыр өткөн Poland Open 2020 эл аралык турниринде кез келип, Мээрим 7:2 эсебинде уткан.

Ал эми үчүнчүсүндө быйыл Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигинин жарым финалында кармашып, Мээрим жеңип алган.