AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Дүйнө биринчилиги (U-23): Бекболот Мырзаназар уулу финалда

Кыргызстандык спортчу Бекболот Мырзаназар уулу күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты.

Белградда (Сербия) 23 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча турнир өтүүдө.

Бекболот Мырназар уулу жарым финалда беларусиялык балбан Дмитрий Шамеланды 10:0 эсебинде жеңип алды. Финалда азербайжандык Алиаббас Рзазаде менен беттешет.

Финалдык беттеш Бишкек убактысы 23:00 дө башталат.