AUCA the best 2

2024-04-18

Жаңылыктар

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугунда U-23 ийгилик жарата алган жок

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Сербияда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта ийгилик жарата алган жок.

Белградда 23 жашка чейинки спортчулар арасында дүйнө чемпионаты өтүп жатат.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 1-3 ноябрь күндөрү өтүп, мелдешке Кыргызстандан 8 спортчу катышты.

Эң мыкты жыйынтыкты Марлен Асикеев менен Акыйкат Гүлжигит уулу көрсөтүп, чейрек финалга чыгышты. Калган балбандар алгачкы салгылашууларда эле жеңилип калган.

Кыргызстандыктардын жыйынтыгы:

55 кг чейин - Акыйкат Гүлжигит уулу (1 жеңиш жана 1 жеңилүү)

60 кг чейин - Нурмухаммед Абдуллаев (биринчи беттеште жеңилди)

67 кг чейин - Марлен Асикеев (2 жеңиш жана 1 жеңилүү)

72 кг чейин - Ийгилик Сатымкул уулу (биринчи беттеште жеңилди)

77 кг чейин - Акылбек Талантбеков (биринчи беттеште жеңилди)

82 кг чейин - Бексултан Назарбаев (биринчи беттеште жеңилди)

87 кг чейин - Азат Салидинов (биринчи беттеште жеңилди)

97 кг чейин - Данияр Шеримбеков (биринчи беттеште жеңилди)