AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Бүгүн Айпери Медет кызы күрөшөт

Сербиянын Белград шаарында күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө биринчилиги өтүп жатат.

Бүгүн, 3-ноябрь күнү кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча мелдештер башталат. Килемге 5 салмак категориясындагы балбандар чыгат.

Ошондой эле бүгүн кыргызстандык Айпери Медет кызы да килемге чыгат. Ал биринчи беттешинде Эквадордун балбаны менен күч сынашат.

Кыз-келиндер арасындагы беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.