AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу (U-23): Бүгүн Кыргызстандык 5 балбан килемге чыгат

 Белградда (Сербия) күрөш боюнча дүйнө чемпионаты (U-23) өтүүдө. Мелдештин экинчи күнүндө — 2-ноябрда 5 топтом медаль ойнотулуп, дагы 5 салмак категориясында финалчылар аныкталат.

 

Кечээ 1-ноябрда кыргызстандык 3 балбан утулуп, медаль үчүн күрөштөн чыгып калган. 2-ноябрда Кыргызстандан 5 спортчу килемге чыгат.

Алдын ала беттештер 15:30да башталат.

2-ноябрда беттешүүчү жуптар:

60 кг чейин

1/8 финал

Нурмухаммет Абдуллаев - Придон Абуладзе (Грузия)

67 кг чейин

1/16 финал

Мирлан Асикеев - Углиеса Гаич (Сербия)

72 кг чейин

1/16 финал

Ийгилик Сатымкул уулу - Улви Ганизаде (Азербайжан)

82 кг чейин

1/8 финал

Бранко Ковачевич (Сербия) - Бексултан Назарбаев

97 кг чейин

1/16 финал

Данияр Шеримбеков - Мариян Маринов (Болгария)