AUCA the best 2

2024-04-23

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу (U-23): Акыйкат Гүлжигит уулу чейрек финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Акыйкат Гүлжигит уулу Белградда (Сербия) өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатты ийгиликтүү баштады.

Ал бүгүн 1-ноябрь күнү грек-рим күрөшү боюнча 55 килограммга чейинки салмак ченинде мелдешке чыкты.

1/8 финалдык беттеште Акыйкат Гүлжигит уулу Сербиянын балбаны менен беттешип, 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Анын кийинки атаандашы казакстандык Арслан Абдурахманов болот.

Бүгүн килем үстүнө чыккан эки кыргызстандык — Акылбек Талантбеков (77 килограммга чейин) менен Азат Салидинов (87 килограммга чейин) алгачкы беттештерде жеңилип калган.