AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты: Роман Сарыбаев күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Роман Сарыбаев эркин күрөш боюнча ардагерлердин дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. 

88 килограмм салмакта ат салышкан Сарыбаев финалда россиялык Булат Дашинимаевге 10:0 эсебинде жеңишти алдырып жиберген.

Кыргызстандын ардагер балбаны баштапкы этапта өзбекстандык Усманжон Юсуповду, чейрек финалда казакстандык Абай Смагуловду, ал эми жарым финалда америкалык спортчу Жеймс Медейрону уткан эле.

Бул Кыргызстандын капчыгына түшкөн төртүнчү медаль. Буга чейин ата мекендик спортчулар Талант Бегалиев (70 килограмм) 56-60 жаштагылар арасында, Чынарбек Изабеков (100 килограмм) 56-60 жаштагылар арасында чемпион болуп, алтын байге тагынышты. Ал эми 130 килограмм салмакта ат салышкан дагы бир балбан Сааданбек Ниязов коло медаль утту.

Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты 19-октябрда Грециянын Лутраки шаарында башталды. Мелдеш 24-октябрга чейин созулат.