AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Талант Бегалиев ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандык балбан Талант Бегалиев ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды.

Турнир кечээ, 19-октябрь күнү Лутраки шаарында (Греция) башталды.

Талант Бегалиев эркин күрөш боюнча турнирге 70 кг салмакта катышкан. Кыргыз балбаны Россия, Италия, Литванын спортчуларын катары менен утуп, финалга чыккан эле.

Чечүүчү беттеште Бегалиев америкалык спортчу менен жолугуп, аны мөөнөтүнөн мурда 11:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болду.

 Ал эми Cааданбек Ниязов ардагерлер арасында өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Бул тууралуу Күрөш боюнча федерация билдирди.

Акыркы беттеште Ниязов 130 килограмм салмакта россиялык Игорь Полетаев менен кармашып, жыйынтыгында 10:4 эсебинде жеңип, коло тагынган.

Мелдеш 19-октябрда Грециянын Лутраки шаарында башталды. Турнир 24-октябрга чейин созулат.