AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилиги өтөт

Күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигине Кыргызстандын курама командасы да катышат.

Мелдеш 19-октябрдан 24-октябрга чейин Грециянын Лутраки шаарында өтөт.

Кыргызстандын курама командасына 6 спортчу кирген. 

Грек-рим күрөшү:

70 кг салмакка чейин — Калмурза Жолдубаев (С дивизиону).

Эркин күрөш:

70 кг салмакка чейин — Талант Бегалиев (Е дивизиону);

88 кг салмакка чейин — Роман Сарыбаев (Е дивизиону);

88 кг салмакка чейин — Арген Бегалиев (В дивизиону)

100 кг салмакка чейин — Чынарбек Изабеков (D дивизиону);

130 кг салмакка чейин — Сааданбек Ниязов (Е дивизиону);

Калыстар — Азамат Бекмырзаев жана Кубат Ахметов.