AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Балбан Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде 3-орунга чыкты

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү. Бул жыйынтык октябрдын башында Норвегияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында көрсөткөн натыйжадан кийин жаңыланды.

Акматалиев Осло шаарында 70 кг чейинкилер арасында мелдешип, финалга чейин жеткен. Финалдын жыйынтыгында 2-орунга ээ болуп, күмүш медаль тагынган эле.

Муну менен балбан 40 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингдеги 3-орунду ээледи.

Бул чемпионатта 3-орунду ээлеген Алибек Осмонов да (65 кг чейин) 37 упай топтогон. Анын жыйынтыгында дүйнөлүк рейтингдеги 34-орундан 9-орунга көтөрүлгөн.