AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Дүйнө чемпионатына эркин күрөшү боюнча жети балбан катышат

Норвегиянын борбору Осло шаарында  өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан эркин күрөш боюнча 7 балбан катышат.

Мелдеш 2-10-октябр күндөрү грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча өтөт.

Эркин күрөш боюнча таймаштарга Алмаз Сманбеков (57 кг), Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Алибек Осмонов (65 кг), Эрназар Акматалиев (70 кг), Эламан Догдурбек уулу (74 кг), Саякбай Усупов (79 кг) жана Арсалан Будажапов (86 кг) катышат.

Белгилей кетсек, Дүйнө биринчилигине кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) катышат.

Ал эми грек-рим күрөшүнөн мелдешке Нурмухаммет Абдуллаев (55 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Калы Сулайманов (63 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайрат Түгөлбаев (77 кг), Калидин Асыкеев (82 кг), Азат Салидинов (87 кг), Бексултан Махмудов (97 кг), Роман Ким (130 кг) катышат.