AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Акжол Махмудов дүйнө чемпиондугуна катышпайт

Токио өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов Норвегияда өтүүчү күрөш боюнча дүйнө чемпиондугуна катышпайт. Маалымат ылайык балбан Олимпиада оюндарынан кийин калыбына келүү процессинен өтүп жаткандыгы белгилүү болду. Ошондой эле азырынча эч кандай мелдештерге катышпай тургандыгын машыктыруучусу Мерамбек Ахметов тастыктаган. 

 

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамы:

55 кг чейин - Нурмухаммет Абдуллаев

60 кг чейин - Жоламан Шаршенбеков

63 кг чейин - Калы Сулайманов

67 кг чейин - Амантур Исмаилов

72 кг чейин - Руслан Царев

77 кг чейин - Кайрат Түгөлбаев

82 кг чейин - Калидин Асикеев

87 кг чейин - Азат Салидинов

97 кг чейин - Бексултан Махмудов

130 кг чейин - Роман Ким

Белгилей кетсек аталган чемпионатына 2-10 октябр күндөрү Осла шаарында өтөт. Мындан сырткары кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) катышат.