AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Тыныбекова баш болгон балан кыздар Норвегияда өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы 2-10-октябр күнү Норвегиянын өтө турган кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатына катышат. Маалымат ылайык, учурда спортчу кыздар Ысык-Көлдө машыгууда.
Ал эми 28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова буга чейин дүйнө чемпионатында алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло (Париж, 2017-ж.) медал тагынган. Азиянын төрт жолку чемпиону. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.
 
Ошондой 22 жаштагы Мээрим Жуманазарова Жайкы Олимп оюндарынын коло байгесинин ээси (Токио-2020). 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло медал тагынган, бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү. 2021-жылдагы Азия чемпиону, Азия оюндарынын байге ээси болгон.
 
Айпери Медет кызы 22 жашта. Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиону (2017-ж.). Кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), дүйнө чемпионатында күмүш (2016-ж.) байгелерин алган. Быйыл Токиодо өткөн Олимпиадада 5-орунду камсыз кылган.