AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Кыргызстандык эки балбан Оруссияда өтүп жаткан эл аралык турнирде коло медалга ээ болду

Кыргызстандык балбандар Бексултан Махмудов менен Калы Сулайманов Россияда өтүп жаткан Александр Нестеренконун элесине арналган эл аралык турнирден коло медаль утту. Бул туурасында Кыргызстандын Күрөш федерациясы билдирди. 
Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 97 килограммга чейинки салмак категориясында килемге чыккан. Ал үчүнчү орун үчүн беттеште россиялык Тимур Абубакировду жеңип алган. Бексултан — Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, балбан Акжол Махмудовдун бир тууган агасы.
 
Ал эми Сулайманов 63 килограмм салмак категориясында чыгып, үчүнчү орун үчүн россиялык балбан менен беттешти. Кармаш кыргызстандык спортчунун жеңиши менен аяктап, коло медалга ээ болду. Белгилей кетсек, 11-12-сентябрда Россиянын Новосибирск шаарында эл аралык "Мемориал Нестеренко" юбилейлик мелдеши өтүүдө. Ага Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан, Сербия жана Эстония мамлекеттеринин, ошондой эле РФтин 29 субъектисинин балбандары катышып, күч сынашып жатат.