AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Көк бөрү боюнча Талас облусунун чемпиону аныкталды

17-февраль күнү Талас районундагы Райкан Алканов атындагы ат майданында көк бөрү оюну боюнча Талас облусунун чемпионаты жыйынтыкталды.

Иш-чаранын ачылыш аземине КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов, Улуттук көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов жана Талас облустук көк бөрү федерациясынын президенти Жылдызбек Мүзүрөтбеков катышты.

А.Бузурманкулов иш чарынын ачылышы менен куттуктап, оюнчуларга ийгилик каалап, алдыдагы эл аралык жана республикалык мелдештерде жеңиш менен кайтып келүүгө ишенээрин билдирди. Ошондой эле оюнга келген күйөрмандарга да ыраазычылык билдирип өттү.

Андан соң көк бөрү оюнун өнүгүшүнө салым кошуп жаткан инсандарга “Ардак грамота” жана “Ардактуу атуул” наамдары ыйгарылды.

Искендер Кадыркулов өз сөзүндө улуттук көк бөрү оюнунун өнүгүшүнө Болот Шердин өзгөчө салымы бар экенин эскертип ошондой эле бүгүнкү күндө дагы салым кошуп жаткан инсандарга ыраазычылыгын айтып өттү. Ошондой эле Улуттук көк бөрү федерациясынын атынан “Ардак грамота” сыйлыктары тапшырылды. Облустук чемпионатка 4 райондун жаштар жана чоңдор курама командалары катышты.

Оюндун соңунда чоңдор арасында:

1-орун - Талас району
2-орун - Кара Буура
3-орун - Манас району
4-орун - Бакай Ата району

Жаштар арасында:

1-орун - Талас району
2-орун - Манас району
3-орун - Кара Буура району
4-орун - Бакай Ата районунун курама командалары ээлешти.

Талас 18 2

Иш-чара соңунда Талас облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгын начальниги Бакыт Карабеков оюндун катышуучуларына ыраазычылык айтып, татыктуу оюн көрсөткөнүн белгилеп өттү. Андан соң Башкармалык тарабынан оюндун жеңүүчүлөрүнө жана көк бөрү оюнунун өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга “Ардак грамота” жана медалдар менен сыйлады.

Кызжибек Жээнбек кызы