AUCA the best 2

2021-06-25

Көк бөрү

Белек Мукаев: “Көк бөрүнү өнүктүрүү үчүн мектептерди ачуу зарыл”

Көк бөрү алгач калк арасында гана ойнолуп келген болсо, учурда ЮНЕСКОго катталып байма-бай турнилер уюштурулууда. Мындан сырткары ар бир аймактан командалар түптөлүп, улуттук оюндун улуулугу дагы да болсо даңазаланып келет. Көк бөрүнүн мурунку жана азыркы деңгээли тууралуу легендарлуу улакчы Белек Мукаев менен маектештик.

- Көк бөрү оюнуна канча жашыңыздан тартып аралашып баштагансыз?
- Көк бөрү оюнунун 15-16 жашымдан тарта ойноп баштагам. Ал мезгилде ар ким өзүнүн айылына чаап жүрөт эле. 11-классты аяктагандан кийин алгач коргоочу болуп, кийинчерээк чабуулчу болгом. Алгач “Аракет” деген команда менен эки жыл улак чаап жүрдүм. Андан кийин “Кабылган” командасы беш жыл катары менен чемпион болуп ийгиликтерди жаратып келдик. Ал эми “Достукта” беш жыл оюн көргөздүм. Учурда Баткен облусунун чыккан “Жаш Күч” курама командасында коргоочу болуп жүрөм.

- Көк бөрү оюнунун башка спорттук оюндардан айырмасы?
- Көк бөрү оюну башка спорттон башкы айрымасы – ат үстүндө ойнолушу. Мындан сырткары эгерде жигиттин канында болсо гана мыкты улакчы чыгат. Башка айтканда, бөлөк спорттун түрү менен машыгып келген спортчулар болсо ойной албайт. Эң татаал жана кооптуу спорттун катарын толуктайт. Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан оюн катары учурда улуттук оюндун улуулугун көтөрүп келе жатат.

- Учурда көк бөрү оюнунун деңгээлин жана аны он жылдан кийин кандай элестетесиз?
- Негизи көк бөрү элдин колдоосу менен өнүгүп келди. Көк бөрү оюну алгач деңгээли төмөн эле. Ал учурда тай казан жок, атайын тегерек чийинге улакты таштап ойноп келген. Буйруса акырындап балбан билек баатырлардын саны өсүп, аттар да күчтүү. Мына эми эле тай казан салынып оюндун өнүгүү нугуна бурулган учуру. Буюрса көк бөрү дүйнө элин кызыктырган оюндардын катарына кошулат деп ишенем.

- Улуттук спортту өнүктүрүү үчүн кандай механизмдерди сунуштайт элеңиз?
- Кайсыл гана спорттун түрү болбосун мамлекет тарабынан колдоо болушу керек. Каражат жагынан колдоо көрсөтүп, тай казан жана ат майданын да оңдоп-түзөөдөн өткөзүп, мындан сырткары эки тарабына тең трибуна орнотуп бериш керек. Ошондо гана көрүүчүлөр үчүн да улакчылар да ыңгайлуу болмок. Өлкөгө келген туристтердин саны көп болот. Ал эми негизги маселе көк бөрү оюнунунда колдонуучу ыкмаларды үйрөтө турган мектептери ачылышы зарыл. Кошуна Казакстан мамлекеттинде учурда мектеп жашынан тартып балдарга ыкмаларын үйрөтүп, мыктыларды тарбиялап келе жатат. Эгерде биздин өлкөдө да атайын мектеп ачылса жашы өтүп калган легендарлуу улакчыларыбыз өзүнүн ыкмалары менен бөлүшүп, улуттук спортту өнүктүрүүгө өз салымын кошмок.

- Убактыңызды бөлүп, бизге маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Ишиңизге ийгилик!

белек 2