AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Көк бөрү: Ош жана Чүй облусунун командалары финалда

Улуттук оюндарды аймактарда өнүктүрүү максатында көк бөрү боюнча Республикалык чемпионат өтүп жатат.

Мелдеш Сокулук районунда орун алган Белек ат майданында өтүүдө. Турнирге жети аймактан жана Бишкек Ош шаарларынан келген командалар катышууда. Жалпы тогуз команда катышкан мелдеш көк бөрү федерациясынын 25 жылдыгына жана аталган оюнду негиздөөчүлөрү Болот Шамшиев, Болот Шернияз, Мамыркожо Бөкөнбаев жана Жетиген Маадановдун жаркын элесине арналган. Мелдеш 18-октябрь күнү башталган. Командалар үч тайпага бөлүнүп өз ара ойноп, Жалал-Абад облусунун командасы бешинчи орунду камсыз кылды. Ал эми бүгүн 22-октябрь күнү эки оюн болду. Алгач оюн талаасына Чүй жана Ысык-Көл облусунун командалары чыккан. Бүйүр кызыткан учурлар орун алып, 6:1 эсебинде Чүйдүн оюнчулары жеңишти камсыз кылган. Жыйынтыгында Чүй облусунун командасы финалга жолдомо алды. Оюндун экинчи бөлүгүндө Талас жана Ош облусунун командалары беттешип, 1:0 эсебинде Оштун жеңиши менен аяктады. 24-октябрь күнү үчүнчү т орун үчүн Талас жана Ысык-Көл облусунун командалары күч сынашат. Ал эми Ош жана Чүй облусунун командалары биринчи орун үчүн кез келет.