AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Көк бөрү: Ысык-Көл облусунун командасынын мыкты салымдары

Бүгүн 19-октябрь күнү көк бөрү оюну боюнча Республикалык чемпионаттын экинчи күнү жыйынтыкталды.

Алгач оюн талаасына Бишкек шаарынын жана Нарын облусунун оюнчулары чыккан. Бүйүр кызыткан учурлар орун алып 7:3 эсебинде Бишкек шаарынын жеңиши менен аяктады. Ал эми экинчи болуп оюн талаасына Ысык-Көл жана Баткен облусунун командалары беттешти. Эсеп саны 15:3 эсебинде Ысык-Көл командасы жеңишке жетишти. Ошондой эле үчүнчү болуп, Жалал-Абад облусунун жана Ош шаарларынын командалары оюн талаасына чыккан. Жыйынтыгында 5:3 эсебинде Жалал-Абад облусунун жеңиши менен аяктады. 

Белгилей кетсек, аталган Республикалык чемпионат көк бөрү федерациясынын 25 жылдыгына арналган. Мындан сырткары улуттук оюндарды жети дубанда жайылтуу максатында уюштурулган.

 

Эртең 20-октябрь күнү боло турган оюндун тизмеси:

                        11:00

"А" тайпасы: Чүй - Нарын

                        12:30

"В" тайпасы: Талас - Баткен

                         14:00

"С" тайпасы" Ош обл - Ош шаары