AUCA the best 2

2024-04-23

Жаңылыктар

Көк бөрү оюну боюнча Республикалык чемпионат өтөт

Улуттук оюндарды утурлай, көк бөрү оюну боюнча Республикалык чемпионат өтөт. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматы билдирди. Мелдеш 18-24 октябрь күндөрү Чүй облусунунун Сокулук районунун "Белек" ат майданында өткөрүлөт.

Маалымат ылайык, турнир улуттук оюндун эрежелеринин иштелип чыккандыгынын 25 жылдыгына жана анын авторлорунун урматына уюштурулат.

"Эрежелердин иштелип чыкканына чейрек кылым толду. Биринчилик ушуга байланыштуу жана ал эрежелерди иштеп чыккан Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеев, Болот Шер, Мамыркожо Бөкөнбаев, Жетиген Маадановду эскерүү үчүн өтмөкчү", — деп айтылат билдирүүдө.

Республикалык чемпионат облустук форматта уюшулуп, ага өлкөнүн жети дубаны жана эки шаарынын командалары катышат.

Командаларды каттоо Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясында 17-октябрь күнү саат 17:30га чейин жүргүзүлөт.