AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Евро-2020: Италия — чемпион

Италия курама командасы Европа футбол чемпионатын жеңип алды. Турнирдин финалдык беттеши 11-июлдан 12-июлга караган түнү Лондондо (Англия) өттү. Италия жана Англия курама командалары «Уэмбли» стадионунда беттешкен.

Беттеш эсеби 2-мүнөттө Люк Шоунун так соккусунан кийин ачылды. Бул гол Европа чемпионатынын финалдык беттешиндеги эң тез гол болду (1 мүнөт 57 секунд).

Италиялыктар көп чабуул жасап, бурчтан чыгарып берүүдөн Леонардо Бонуччи гол киргизип, 67-мүнөттө эсепти теңешти.

Беттештин негизги убактысы жана кошумча 30 мүнөттүк оюн 1:1 эсеби менен аяктады. Алтын медалдардын тагдыры пенальтилер сериясында чечилди.

Пенальтилер сериясында италиялыктар 3:2 эсебинде жеңишке жетти. Коноктордун дарбазачысы Жанлуижи Доннарумма катары менен 2 гол киргизди.

ЕВРО-2020, финал

Италия - Англия - 1:1, пенальти 3:2

Голдор: Люк Шоу, 2 (0:1), Леонардо Бонуччи, 67 (1:1)

Пенальти сериясы:

1:0 Доменико Берарди

1:1 Харри Кейн

1:1 Андреа Белотти, вратарь

1:2 Хари Магуайр

2:2 Леонардо Бонуччи

2:2 Маркуш Рэшфорд, штанга

3:2 Федерико Бернардески

3:2 Жейдон Санчо, вратарь

3:2 Жоржиньо, вратарь

3:2 Букайо Сака, вратарь